Германиянын тургуну ванна менен дүкөнгө учуп барып келди. Видео

Немис блогерлеринин The Real Life Guys тобу учуучу атайын аппарат жасап, аны ваннага орнотушту
Sputnik

Жасаган эмгегин YouTube каналына жайгаштырышкан.

Кинодогудай! Россияда көз менен башкарылган дрон сыналды
Видеодо үйдөн чыккан бала дрон орнотулган ваннага отуруп, пульттун жардамы менен аны башкарып, асманга көтөрүлгөнүн көрүүгө болот. Ал үйүнөн дүкөнгө чейин учуп барып келген.

Бул видео үч күндө 470 миңден ашык жолу көрүлүп, 23 миң киши "лайк" баскан. Социалдык тармактын колдонуучулары ойлоп табылган бул "машина" аябай жакканын билдиришкен.