Окумуштуулар эмчек эмизүү аялга кандай пайда алып келерин аныкташты

Окумуштуулар 30 жыл бою 1,2 миң жаш энени изилдеп көрүшкөн
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Баланы алгачкы алты ай бою эмизүү аялдын ден соолугуна оң таасир этип, кант диабетин жана ушул сыяктуу башка ооруларды алдын алат. Бул тууралуу JAMA Internal Medicine журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Эмизүү балага да, энеге да пайдалуу экени мурда эле белгилүү болчу. Буга чейин баланы эмчек менен багуу аялды өнөкөт оорулардан коргой алат деп билсек, эми кант диабетин алдын алары дагы белгилүү болду", — деп айткан АКШдагы Kaiser Permanente ооруканасынын кызматкери Трейси Фланиган.

Медиктер фастфуддун иммунитетке таасири кандай болорун айтышты
Мындай жыйынтыкка келүү үчүн Фланиган менен кесиптештери 30 жыл бою алардын ооруканасына кайрылган 1,2 миң жаш энени изилдеп көрүшкөн.

Байкоолордун жыйынтыгына караганда, баласын жок эле дегенде бир ай эмизген аялдар арасында кант дибетине кабылуу 25 пайызга азайса, жарым жыл эмизгендердики бул көрсөткүч 48 пайызга жеткен.