Боом капчыгайында жүк ташуучу автоунаа өрттөнүп жатат. Сүрөт

Айдоочу машинадан секирип кеткенге жетишкен
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Боом капчыгайында MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа күйүп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Анын айтымында, айдоочу секирип кеткенге жетишкени менен документтерин ала албай калган. Жалын каптаган автоунаа жолдо турат.

1 / 3
Боом капчыгайында MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа күйүп жатат
2 / 3
Анын айтымында, айдоочу секирип кеткенге жетишкени менен документтерин ала албай калган.
3 / 3
Жалын каптаган автоунаа жолдо турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине аталган кырсык боюнча билдирүү саат 16:27де түшкөн. Окуя болгон жерге Бир өрт өчүрүүчү топ чыгып кетти.

Кырсыктын чоо-жайы боюнча башка маалымат азырынча жок.