БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкектеги Эркиндик проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишинде атайын операция жүрүп, алдын ала маалымат боюнча милиция кызматкерлери кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкан. Бул тууралуу жеринен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.
Окуя болжол менен 9:40тар чамасында болуп, жеринде атайын форма кийген кызматкерлер менен милиция иштеди.
Алар Subaru Forester үлгүсүндөгү автоунааны тинтүүгө алышкан.