Радио

Жамалдинов: Бишкекте 84 бала бакчанын 10у, 95 мектептин 11и гана кыргыз тилдүү

"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов кыргыз тилди өнүктүрүүнү бала бакчадан баштоо керектигин айтты
Sputnik
Жамалдинов: Бишкекте 84 бала бакчанын 10у, 95 мектептин 11и гана кыргыз тилдүү

Бишкекте 84 бала бакчанын 10у, 95 мектептин 11и гана кыргыз тилдүү. Бул тууралуу Зиялин Жамалдинов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргыз тилдүү мектептин жоктугу боюнча ага ата-энелер кайрылган.

"Кыргыз тили боюнча көйгөйдү чечүү жолдорун бала бакчадан баштасак. Бишкек шаарындагы 84 бала бакчанын 10у, Ош шаарында 41 бала бакчанын бешөөсү гана кыргыз тилинде иштейт экен. Ал эми борбордогу 95 мектептин 11и гана кыргыз тилдүү. Балдардын кыргыз тилин үйрөнүүсүнө шарт түзүп беришибиз керек", — деди Жамалдинов.

Депутат Жогорку Кеңеште иш-чаралар кыргыз тилинде өтүшү керектигин кошумчалады.