АКШда шерифтин жардамчысы сот учурунда айыпталуучуну атып алды

16 жаштагы бала курал-жарак колдонгон деп айыпталып жаткан
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. АКШнын Огайо штатындагы Франклин округунун шерифинин жардамчысы жашы жете элек айыпталуучуну сот учурунда атып алганын WCPO телеканалы полицияга таянуу менен билдирди.

АКШ: 13 баласын чынжырга байлап койгон ата-эне кармалды
Каргаша курал-жарак колдонгон деп айыпталган 16 жаштагы баланын соту өтүп жатканда болгон.

Сот залында шерифтин жардамчысы, айыпталуучу жана анын үй-бүлөсүнүн ортосунда пикир келишпестик чыккан. Укук коргоо органынын өкүлүн жерге жыгып алып сабап башташканда, ал айласыздан ок чыгарууга мажбур болгон. Ал айыпталуучуга тийген. Бала ооруканага алып келингени менен алган жаракатынан каза болуп калган.