Радио

Абдылдаев: Жогорку Кеңеште, ким болбосун, сүйлөп жатканда трибунага чыксын

"Бир Бол" фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев парламентке келгендердин баары эле эркелей бербеши керектигин айтты
Sputnik
Абдылдаев: Жогорку Кеңеште, ким болбосун, сүйлөп жатканда трибунага чыксын

Жогорку Кеңеште ар дайым, ким болбосун, сүйлөп жатканда трибунага чыксын. Бул тууралуу депутат Мыктыбек Абдылдаев парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору талкууланып жатканда баяндамачынын отуруп алып жооп бергени туура эмес.

"Мен сунуш киргизет элем. Жогорку Кеңеште ар дайым, ким болбосун, сүйлөп жатканда трибунага чыксын. Биз көрүп туруп суроо берели. Бир мүнөт сүйлөгөндөн кийин "отур" дебейли. 10 саат болсо да ошол мыйзамды туруп жактасын. Мына ошондо туура болот", — деди Абдылдаев.

Ал баары эле эркелей бербеши керектигин кошумчалады.