Сузакта аялдын колу-бутун байлап, алтын буюмдарын чечип кеткендер кармалды

Кылмышка шектүү катары төрт киши кармалды
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Гулистан айылында белгисиз адамдар жергиликтүү тургундун үйүнө кирип, акча менен алтын буюмдарын алып кеткен деп шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Бишкекте үйгө кирип барып тургундарды коркутуп карактап кетишти
Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган 47 жаштагы аял каракчылар анын колу-бутун байлап, тапанча менен коркутуп, акча талап кылганын айткан. Кожейкеден тышкары үйдө келини балдары менен болгон. Жабырлануучу жакындарынын өмүрү үчүн кооптонуп, кылмышкерлердин сураганын берген.

Иликтөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абаддын 41, 24, 19 жана 26 жаштагы жашоочулары кылмышка шектүү катары кармалышкан. Күнөөсүн мойнуна алган жарандарга Кылмыш жаза кодексинин "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.