Радио

Примов: социалдык тармактарды чектеген мыйзам долбоору керек

КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов социалдык тармактарда көзөмөлгө алынбаган ар кыл маалыматтар чыгып жатканын айтты
Sputnik
Примов: социалдык тармактарды чектеген мыйзам долбоору керек

Социалдык тармактарды чектеген мыйзам долбоору керек. Бул тууралуу Улан Примов парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, жарандардын көпчүлүгү маалыматтарды социалдык тармактардан окуп калды.

"Социалдык тармактардын келечеги кандай болот? Анткени элдин калың катмары маалыматтарды ушул жактан алып жатат. Алардын арасында текшерилгени, текшерилбегени бар. Улуттук кызыкчылыкка каршы чыккан маалыматтар тарайт. Өкмөт социалдык тармактарды ЖМКлардын катарында караган же болбосо чектеген мыйзам долбоорлорун сунушташы керек", — деди Примов.

Эл өкүлү аталган маселе боюнча башка мамлекеттердин практикасын карап көрүү керектигин кошумчалады.