"Кыз-жигит Сармерден" долбоорундагы шайыр жеңеге конкурс жарыяланды

Аталган долбоор 2012-жылдан бери элге көрсөтүлүп келет
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Кыз-жигит Сармерден" долбоорундагы шайыр жеңеге конкурс жарыяланды. Бул тууралуу аталган долбоордун автору, режиссеру Сагын Ниязалиева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, талапкерге коюлган негизги талаптардын бири —  куюлуштуруп, адабий тилде так сүйлөшү зарыл.

"Талапкердин курагы 50 жашка чейин болушу керек. Комуз менен ырдаса да болот. Андан сырткары, сымбаттуу болушу зарыл. Конкурс учурунда талапкер калыстардын алдында эрке бала менен керек болсо тамашалашып, керек болсо чымчып сүйлөшүп дараметин көрсөтүшү керек", — деди Ниязалиева.

Конкурс 22-январда КТРКнын концерттик студиясында саат 13:00дө өтөт.

Сагын Ниязалиева: Гүлбүбү "Сармерденге" келээрде Шахра Талипованын алдынан өткөн
Ниязалиева шайыр жеңе тандалып калса, "Сармердендин" быйылкы сезону Нооруз майрамына карата даяр болуп каларын кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейинки шайыр жеңе Гүлбү Орозкул кызы былтыр октябрь айында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.

Ал эми ага чейинки шайыр жеңе Гүлзат Батырканова 2015-жылдын башында жол кырсыгынан бул дүйнө менен кош айтышкан.

"Кыз-жигит Сармерден" теледолбоору 2012-жылдан бери көрсөтүлүп келет. Былтыр долбоор 5 жылдык мааракесин белгилеген.