Samsung Олимпиадага катышкан ар бир спортчуга Note 8 смартфонун белек кылат

Олимпиадага Кыргызстандын атынан лыжачы Евгений Тимофеев менен биатлончу Тариэл Жаркымбаев катышат
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Быйыл Түштүк Кореяда өтө турган Олимпиада оюндарынын расмий өнөктөшү Samsung Electronics Co. иш-чарага катышкан ар бир спортчуга Galaxy Note 8 телефонун белекке бермей болду. Бул тууралуу Korea Herald агентсттиги жазды.

Маалыматка караганда, компания ак түстөгү, аркасында Олимпиаданын символу болгон шакекчелер тартылган төрт миң даана смартфон чыгарат.

Кышкы Олимпиадага барчу экинчи кыргызстандык спортчу аныкталды
Ошондой эле бул телефондорго Олимпиада тематикасындагы сүрөттөр, бул жолку оюндар тууралуу бардык маалыматтар киргизилет.

Эксклюзивдүү смартфондор сатыкка чыгарылбастан, спортчуларга жана Олимпиада комитетинин өкүлдөрүнө белекке берилмекчи.

XXIII кышкы Олимпиада оюндары 2018-жылдын 9-25-февраль күндөрү Кореянын Пхенчхан шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан ага лыжачы Евгений Тимофеев менен биатлончу Тариэл Жаркымбаев катышат.