БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Ош облусунун Алай районунда эпицентринде 3,5 баллга жеткен жер силкинди. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Ага ылайык, жер титирөө 17-январда түнкү саат 1:54те болуп, магнитудасы 3,7ни түзгөн.
"Жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда жайгашып, Алай тоо кыркаларында Алай районунун Бор-Дөбө айылынан чыгышты карай алты чакырым жана Кара-Киндик айылынан түштүк-батышты карай 25 чакырым алыстыкта орун алган", — деп айтылат маалыматта.
Жердин силкинүүсү Бор-Дөбө айылында 3 балл, Кара-Киндик айылында 2,5 жана Сары-Таш айылында 2 баллды түзгөн.
ӨКМдин маалыматы боюнча жабыркагандар жок.