Президент, премьер жана төрага жумушка канчада келип, канчада кетет

Бийлик башындагылардын иш графиги тууралуу алардын маалымат кызматтары айтып берди
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин төрагасы жумушка саат 08.00дө келип, 19.00дөн кийин кетишет. Бул туурасында алардын маалымат кызматтары айтып беришти.

Сапар Исаковго кимдер акыл айтат. Премьердин 11 кеңешчисинин милдеттери
Өткөн айда Сооронбай Жээнбеков өзүнүн кортежи өтүп бара жатканда жолду толугу менен жабууга тыюу салып, анысы менен бир топ шаардыктардын сообуна калган. Эртең менен президент трассадан өтүп кеткиче акыйып күтүп тургандан заарканган элдин көбү жеңилдеп "өх-хх…" деген.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы бийлик башындагылар жумушка саат канчада келерине баам салып көрдү.

Президент

Президент КР Сооронбай Жээнбеков

Сооронбай Жээнбеков ишке саат 08.00дөн кеч келбейт жана 20.00дөн эрте кетпейт. Ал эми иши көп учурда саат 21.00дөн кийин үйүнө чыгат.

"Кортеж жүргөн схема шаардыктарга анча чоң машакатты жаратпайт. Президенттин өзү өткөн жолдун каршысын жаппаш керектиги тууралуу тапшырмасын биз басылмалардан окудук", — дешти мамлекет башчынын маалымат кызматынан.

Жогорку Кеңештин төрагасы

Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков да ишке саат 08.00дө келет. Ал эми ар кандай мезгилде кетет, бирок саат 19.00дөн эрте эмес. Бул жагдайга жараша болот экен.

"Ал автотыгын учурунда жүрбөгөнгө аракет кылат. Мындан улам төрага атургай машыгуу залын алмаштырып, Жогорку Кеңештин айланасына которулуп алды. Эгерде мурдагысындай болуп, буга чейинки машыгуу залына барса, албетте, автотыгын жаратмак", — деп айтышты парламенттин маалымат кызматынан.

Премьер-министр

Премьер-министр Кыргызской Республики Сапар Исаков

Өкмөттүн башчысы Сапар Исаков ишке сааттын жебеси эртең мененки 9ду каккыча келип калат. Ал эми кечинде саат 20:00дөн эрте кетпейт.

"Кортеж өткөндө кандай автотыгын болорун мен өзүм да жакшы билем. Балдарга автоинспекция менен жүрбөй эле коёлу деп айттым. Себеби ал сааттарда башкалар да жумушка барышы керек да",— деп айтып беришти өкмөт башчынын сөзүн анын маалымат кызматы.

Басма сөз кызматы Исакав адатта 23.00гө чейин иштеп, кээ бир күндөрү андан да кеч каларын кошумчалашты.