CNN телеканалынын билдиришинче, анча чоң эмес метеорит түшкөн.
"Улуттук метеорологиялык кызматтын маалыматтары анализденгенден кийин асманда пайда болгон жарык чагылган эместиги аныкталган. Катуу чыккан үн метеорит атмосферага кирген учурунда пайда болгон", — деп телеканал маалымдады.
Андан тышкары, метеориттен улам жер дагы титиреген.
Окуянын видеосун тургундар социалдык тармактарда бөлүштү.