БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Mercedes Benz S550 AMG үлгүсүндөгү автоунаа Тыныстанов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде Ички иштер министрлигинин жанындагы бакты сүзгөнүн күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.
Анын айтымында, жол кырсыгы саат 19:30дар чамасында болгон.
ДТП на пересечении улиц Тыныстанова и Фрунзе
© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналу
"Mercedes Фрунзе көчөсү менен батышты карай катуу ылдамдыкта бараткан. Айдоочу рулду башкара албай бакты барып сүздү окшойт. Машинанын ичинде эки киши бар болчу, бактыга жараша эч ким жабыркаган жок", — деди күбө.
Кырсык болгон жерде милиция кызматкерлери иштеди.