Финляндия Кыргызстанга өз элчисин дайындады

Жолугушуу учурунда кыргыз-фин мамилелеринин келечеги талкууланган
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Финляндиянын Кыргызстандагы элчиси Микко Кивикоски тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абдрахмановго ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы билдирди.

Бажы кодекс чыры: өкмөттүн ЕАЭБ боюнча бөлүмү толук иштен кетти
Абдрахманов Кивикоскини бул жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. Ошондой эле эки өлкөнүн байланышын чыңдоого өз салымын кошоруна ишенерин айтты.

Жолугушуу учурунда кыргыз-фин мамилелеринин келечеги талкууланды. Андан сырктары, Финляндиянын "Кеңейтилген Европа демилгелери" программасынын алкагында түрдүү тармактарда кызматташуу боюнча пикир алышкан.