Токмоктогу досторуна жетүү үчүн казак жараны Чу дарыясын кечип өттү

Кармалган жаранга Казакстандан чыгууга тыюу салынгандыктан дарыяны кечип өтүүгө аракет жасаган
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Чүй облусунда чек арадан мыйзамсыз негизде өтүүгө аракет жасаган казак жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Кадамжайдагы "Чечме" булак Өзбекстанга өтүп кетеби? Жергиликтүүлөр митингге чыгышты
Маалыматка караганда, 24 жаштагы казакстандык киши Кыргызстандын аймагына Чу дарыясын кечип өтүп кеткен. Бирок чек ара кызматкерлери тарабынан кармалган.

Мыйзам бузуучунун айтымында, ал Токмоктогу досторуна барууну көздөгөн. Өз мекенинде кылмыш жоопкерчилигине тартылганы үчүн өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынгандыктан дарыяны кечип өтүүгө аракет кылган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган киши КР УКМКсынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп берилди.