Валентина Шевченко мушташкандан сырткары сүрөт дагы тартат. Видео

Мушкер кыз буга чейин күйөрмандарын чыгыш бийин да бийлей аларын көрсөтүп таң калтырган
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Муай-тай, кикбоксинг боюнча дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Валентина Шевченко сүрөт дагы тартат.

Валентинанын тарткан сүрөттөрүн эжеси Антонина Facebook баракчасына жарыялады. Видеодо сүрөттөрдү мушкер кыз 2002-2005-жылдары тартканы жазылган. Андан Манасты, Байыркы Египеттеги жоокерлерди жана көлдү көрүүгө болот.

Валентина Шевченко гитарада ойноп, тапанча менен таамай атып, латын америка жана чыгыш бийлерин чимириле бийлейт.