Ысык-Көлдөгү пансионаттардын тейлөө сапаты жакшырат. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, бул жылы эс алуучулардын капчыгына жараша тейлөө кызматтары көрсөтүлмөкчү.
"Ысык-Көлдү мен эң демократиялуу курорт болот деп айтат элем. Былтыр 50 миң сомго чейин номурлар бар деп уктук, бирок көргөн жокпуз. Быйыл суткасына жүз сомдон 10 миң сомго чейинки номурлар сунушталып, студенттин да, бай кишинин да капчыгына жараша номурлар түзүлүүдө. Бул баа менен бардыгынын көңүлүн ала алабыз деп ойлойм", — деди Жылкыбаев.
Ал ошондой эле тейлөө кызматын жогорулатуу үчүн мамлекеттен төмөн пайыздык насыя бөлүп берүү иши каралгандыгын, бирок өкмөт колдобой койгондугун кошумчалады.