Ош — Ноокат жолундагы кырсыктан 11 адам жабыркады, бирөө оор абалда

Унаалардын бири каршы тилкеге чыга калгандыктан унаалар кагышып кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Ош — Ноокат унаа жолунун Алмалуу айылы жайгашкан бөлүгүндө Honda Stream менен Audi-100 үлгүсүндөгү унаалар кагышканын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан (ЖККБ) кабарлашты.

Окуя 16-январда саат 11:30да болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча унаалардын бири каршы тилкеге чыга калгандыктан машиналар кагышып кеткен.

Бишкекте жол кырсыгына себепкер милиционер мас абалында болушу мүмкүн
Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей ооруканага 11 адам жеткирилип, үчөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Ал эми сегизи ооруканага жаткырылган.

Жабырлануучулардын биринин баш мээси чайкалса, дагы биринин ийини сынган. Алардын арасында 11 жаштагы кыз бар. Ал эми 18 жаштагы кыз оор абалда жатат, анын баш сөөгү сынып кеткен. Учурда реанимация бөлүмүндө жатат. Калгандары травматология бөлүмүндө.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себептерин Ноокат райондук тергөө бөлүмү иликтеп жатат.