Москвадагы эл аралык жарманке: Кыргызстан төрт ири компания менен келишим түздү

Бул жолку жарманкеде чет элдиктер Кыргызстандын балына, жаңгак менен ширесине өзгөчө кызыкты
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Москва шаарында өткөн эл аралык жарманкеде кыргызстандык өндүрүүчүлөр Россиядагы дүкөндөр түйүндөрүнө ээлик кылган төрт компания менен келишим түзүүгө жетишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине көргөзмөдөгү "Кыргызстан" павильонунун жетекчиси Абдыганы Шакиров билдирди.

Эске салсак, Россиянын борборундагы "Фуд сити" агрокластеринде 1-декабрдан 15-январга чейин жарманке өтүп, ага кыргызстандык фермерлер менен өндүрүшчүлөрдүн дагы товарлары коюлган.

"Кыргызстан" павильонуна 18 өндүрүүчүнүн товары коюлган. Россиянын дүкөндөр түйүндөрүнө ээлик кылган 41 компаниясы кызматташуу ниетин билдирди. Бирок төртөө менен гана келишим түзүүгө жетиштик. Алардын бири Якутиядагы "Айгүл" компаниясы Кызыл-Кыядагы "Агропласт" кооперативи менен түз келишим түзүп, Кыргызстандан кыям алып турмай болду. Ал эми "Всероссийский закупочный центр", "БигСи" жана "Магнолия" компаниялары иштешүү ниети тууралуу келишимге кол коюшту. Алар деле кызматташууга даяр, болгону биздин өндүрүүчүлөр жетиштүү товарды даярдап бере албай жатышат", — деди Шакиров.

Анын айтымында, жарманкеге катышкан кыргызстандык өндүрүүчүлөрдүн көйгөйү ушунда, жүздөгөн дүкөндөрү бар компанияларга ири көлөмдө товар жетирип бере алышпайт.

ЕАЭБ айдыңында талашка түшкөн Кыргызстандын 9 товары. Тизме
"Россияда азык-түлүк сатуу менен алектенген компаниялардын миңден ашуун дүкөндөрү бар. Мисалы, бир эле компания чеснок алууну кааласа, ага бир миң тоннадан ашуун товар керек. А бизде бир сорттогу азыкты мындай ири өлчөмдө өндүргөн ишкерлер жок", — деп түшүндүрдү павильон жетекчиси.

Эл аралык жарманкеге бардыгы болуп 21 өлкө, Россиянын 19 региону катышкан.

Жергиликтүү жана дүйнөнүн ар тарабынан келген ишкерлерди Кыргызстандын балы, жаңгагы, ширеси жана "Кыял" ишканасынын улуттук колориттеги товарлары кызыктырган.

Шакиров билдиргендей, Кыргызстандан барган товарлар чет элдиктерди табигый тазалыгы менен кызыктырса, дүйнөлүк стандартка жооп бербеген таңгактары жана сырткы көрүнүшү оолактатты.

Ал эми чучук, күрүч, курут, жарма сыяктуу товарларга Россияда жашаган кыргызстандыктар арасында суроо-талап көп экени айтылды.