Окумуштуулар лыжа менен сноуборддун кайсынысы коркунучтуу экенин айтышты

Изилдөөчүлөр лыжа жана сноуборд тепкендердин алган жаракаттарын анализдешкен
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Тоо лыжасын тепкендер сноубордчуларга караганда үч эсе аз жаракат алышат. Бул тууралуу Journal of the American Academy of Orthopaedic Surgeons сайтындагы макалада айтылат.

Кыргызстандагы лыжа базалары: баасы жана кызматтар
Изилдөөчүлөрдүн маалыматына ылайык, он жыл (1989-жылдан 1999-жылга чейин) ичинде сноуборд тээп жаракат алгандардын саны 4 пайыздан 56 пайзга чейин өскөн.

Окумуштуулар тоодон алган жаракаттан каза болгондордун 88 пайызы башынан жаракат алышарын аныкташкан. Статистикалык маалымат боюнча жабыркаган ар бир алтынчы киши башынан, ар бир тогузунчу киши ийинин кокустатып алат.

Андан сырткары, изилдөөчүлөр лыжа же сноуборд болобу аны тээп жүргөн учурда дененин каалаган мүчөсү жабыркап калышы ыктымалдыгын белгилешет.

Лыжа тебүүдө эмнелерди эске алуу керектигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.