БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Январдын аягы, февралдын башында болуучу КСДПнын курултайында партиянын төрагалыгына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин шайланышына толук негиз бар. Бул туурасында ЖКнын экс-спикери, партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Чыныбай Турсунбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин суроосуна жооп берип жатып айтты.
"Учурда уюштуруу тобу иштеп жатат, алар күн тартибин аныктайт. Партиянын төрагасын шайлоо күн тартибиндеги маселелердин бири", — деди экс-спикер.
Буга чейин КСДПнын төрагасынын милдетин Чыныбай Турсунбеков аткарып келип, ал кызматтан жайында кеткен.
Партиянын соңку курултайы 2017-жылдын 15-июлунда президенттик шайлоого карата өтүп, анда КСДПдан аттанган Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги сунушталып, бир добуштан бекитилген.