Кыргызстанда теракт жасоого ниеттенген эл аралык топтун мүчөсү кармалды

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жихад идеясын колдогон эл аралык террордук топтун 23 жаштагы мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, аталган жаран эл аралык террордук уюмдардын жашыруун ячейкаларын аныктап, ишин токтотууга багытталган контртеррордук иш-чаралардын алкагында колго түшкөн. 

Задержанный 22-летний кыргызстанец, активный член подпольной террористической группы

Ал жихад идеясын колдоп, республикага террордук актыларды жасоо үчүн колго жасалган жарылуучу түзүлүштөрдү даярдоо боюнча, "жабык" социалдык-виртуалдык топтун окуусунан өткөн.

Учурда кармалган жаранга Кылмыш жаза кодексинин 299-2-беренеси (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө амалдары жүрүүдө.