Сапар Исаков Бишкек шаарындагы булганган абага көңүлүн бурду

Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлмөй болду
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкек шаарындагы абанын зыяндуу заттар менен булганышы жарандардын ден соолугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 16-январда өкмөт башчы Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу максатында комплекстүү иш-аракеттер планын иштеп чыгуу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү.

Премьер-министр жыйында аталган маселени комплекстүү чечүү боюнча тыкыр иликтөө жүргүзүү жана натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген.

"Биз аталган маселе боюнча көзөмөлдү күчөтүү жана так стандарттарды иштеп чыгуу жолу аркылуу абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын төмөндөтүшүбүз керек. Жарандардын ден соолугуна тийиштүү маселе жогорку мамлекеттик деңгээлде чечилиши тийиш. Абага зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгарылышын төмөндөтүү жаатында чоң секирик жасоо үчүн бардык ресурстарды мобилизациялоо керек", — деп билдирди Исаков.

Бишкектеги ТЭЦтен чыккан түтүн кантип чыпкаланат? Башкы инженердин жообу
Ал ошондой эле Бишкек шаарынын от казандарынан бөлүнүп чыккан зыяндуу заттарды төмөндөтүү жана аны ырааттуу түрдө көмүрдөн альтернативдүү отундун булактарына өткөрүү боюнча тыкыр иш-чаралар планын иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары, унаалардын абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгаруусун текшерүүдөн өткөрүп туруу максатында техникалык көзөмөлдү киргизүү зарылдыгы белгиленди.

Кеңешме соңунда Сапар Исаков Бишкек шаарындагы экологиялык абалды жакшыртуу жана абанын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу үчүн тийиштүү мамлекеттик органдардын жана жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды. Ошондой эле эки жума ичинде өкмөткө аталган көйгөйдү чечүү боюнча комплекстүү иш-чаралар планын иштеп чыгууну буйруду.