Бишкектеги башкы балаты алынууда

Шейшемби күнү "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери балатыны жыйнап баштады
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатыны жыйнап баштады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

1 / 4
Тазалык" ишканасынын кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатыны жыйнап баштады
2 / 4
Балатынын бардык тетиктери жыйналгандан кийин "Тазалык" ишканасынын атайын кампасында сакталат
3 / 4
Белгилей кетсек, жаңы жылдык балатыны, "Ала-Тоо" аянтын жана шаарды кооздоо үчүн жалпысынан 15 миллион 580 сом коротулган
4 / 4
Ал эми борбордук аянттын өзүн жасалгалоого 2 миллион 800 сом сарпталган.

Балатынын бардык тетиктери жыйналгандан кийин "Тазалык" ишканасынын атайын кампасында сакталат.

Белгилей кетсек, жаңы жылдык балатыны, "Ала-Тоо" аянтын жана шаарды кооздоо үчүн жалпысынан 15 миллион 580 сом коротулган. Ал эми борбордук аянттын өзүн жасалгалоого 2 миллион 800 сом сарпталган.