БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Жалал-Абад-облусунун Кара-Көл шаарынын тушунан DAF үлгүсүндөгү май ташуучу унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 16-январь күнү, саат 14.29да болгон. Машинанын ичинде болжол менен 37 тонна май бар экени, анын эки тоннасы төгүлүп калганы айтылды.
Учурда окуя болгон жерде куткаруучулар иштеп жатат. Кырсыктан жабыркагандар жок.
Эскерте кетсек, бул акыркы эки күндүн ичиндеги үчүнчү окуя. 14-январь күнү дал ушул аймактан эки май ташуучу унаа оодарылып, баш-аягы 26 тоннадай май төгүлгөн.