2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортунан 1,5 чакырым алыстыкта жайгашкан Дача СУ айылына Boeing 747 жүк ташуучу учагы кулап, экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам каза болгон. Ал күнү жүздөгөн киши кычыраган кыштын суугунда үй-жайынан ажырап, мүңкүрөп отуруп калган.
Көз жумгандарга айылдын башына мемориалдык комплекс орнотулуп, кырсык болгон жайды сейил бакка айландыруу пландалууда.
Андан бери жыл өтсө да апаат Дача СУ айылынын тургундарын бириктирмек тургай, эки жаатка бөлгөн. Эмнеге мындай болгонун Sputnik маалымат агенттигинин материалынан окуңуздар>>