Вело жол курулса айдоочулардын 38 пайызы унааларын токтотууга даяр. Бул тууралуу Рахат Сабырбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарындагы 1000 айдоочунун арасында сурамжылоо жүргүзүп, атайын иликтөөлөр жасалган.
"Иликтөөгө ылайык, айдоочулардын 43 пайызы эгерде коомдук транспорттордо жакшы шарт болсо унааларын токтотуп коюга даяр. Бул деген калаадагы коомдук транспорттордун шарты жаман дегенди түшүндүрөт. Ал эми айдоочулардын 38 пайызы вело жол курулса велосипед менен жүрүүгө макул", — деди Сабырбеков.
Ал элдин баары унаа алгысы келет делген маалымат туура эмес экендигин кошумчалады.