Тоодо башынан жаракат алган милиция кызматкери Бишкекте каза болду

Каза болгон аялдын күйөөсү дагы милиционер болгон. Ал 2014-жылы колониядан качып чыккан кылмышкер менен болгон атышууда каза тапкан
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. 14-январда, жекшемби күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунда жашы жете электердин иши боюнча инспекциясынын кызматкери Айнагүл Эгембердиева ооруканада каза болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдун кесиптештери билдирди.

Алардын айтымында, Эгембердиева тоого барганда башынан катуу жаракат алган.

"Ал үй-бүлөсү менен 7-январда тоодо эс алып жүргөн. Баллон менен муз тээп келе жатканда оодарылып кетип, башынан катуу жаракат алган экен. Бейтап даро ооруканага жеткирилип, операция жасалган. Бирок бир жума өзүнө келбей комада жатты", — деп кесиптештери маалымдады.

Маркумдун зыйнаты 15-январда Чүй облусунун Күн-Туу айылында болот. Эки баласы томолой жетим калды. Улуусу 10до, кичүүсү 7 жашта.

Айнагүл Эгембердиева укук коргоо органдарында 2015-жылдан тарта иштеп баштаган. 2014-жылы күйөөсү колониядан качып чыккан Александр Саяпин менен атышууда каза болгон.