Бишкекте чар жайыт токтогон шаар аралык таксилерге карата рейд жүрдү

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери "Ош" базарынын аймагына рейд жүргүзүп, шаар аралык каттаган таксилер токтогон жерлерди текшерди
Sputnik

Шаар аралык каттаган Таксисттер каттамга чыгар алдында тийиштүү адистердин кароосунан өтпөй турганын укук коргоо органдары аныктады. Андан тышкары, таксисттер машинасын баш аламан токтоторун жеринде көрүшкөн. Алардын бул кадамы жол кыймылына тоскоолдук берип, айрым учурда авариялык абалды түзөрүн милиция баса белгиледи.

Ош шаарында коомдук транспорт иретке келтирилип жатат
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шаарлар аралык жолдо катталган жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү таксисттердин айынан болорун маалымдашты.

Түштүк тарапка жүргүнчүлөрдү ташыган таксисттердин "Тилеке" ЖЧКсынын өкүлү Жеңишбек Жаманкаров алар үчүн батыш автовокзалынан атайын жер берилген. Ал жактан машиналар техникалык, таксисттер медициналык кароодон өтүп расписание боюнча каттамга чыгышмак. Айдоочулардын басымдуу бөлүгү ал жактан жүргүнчү алышпайт, анткени эч ким барбайт. Андыктан бардыгы эле көнүп калгандай Ош базарынын аймагына келишет.