Бишкектин четинде жеңил унаа сууга кулап, 6 адам жабыр тартты

Жол кырсыгына кабылган адамдар эс алуудан келе жатышкан
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Татыр — Бишкек унаа жолунда түндүктү көздөй бара жаткан Honda Odyssey унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, сууга түшүп кеткен. Бул тууралуу Чүй ЖКККБнын маалымат кызматынан билдиришти.

Кырсык 14-январь күнү болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Honda Odyssey унаасынын 27 жаштагы айдоочусу жүргүнчүлөрү менен Чуңкурчак лыжа базасынан келе жаткан.

"Татыр айылына жете бергенде жолдун тайгагынан улам унаа оодарылып кетип, сууга кулаган", — деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгынын кесепетинен унаанын ичиндеги алты адам ар кандай жаракаттарды алган.

Машина айып короого токтотулуп, тиешелүү материалдар Аламүдүн РИИБине иликтөөгө берилди.