Бишкек — Ош жолундагы кырдаал боюнча ӨКМ маалымат берди

Учурда ашууларда кар жаап жатканы айтылат
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. ӨКМдин маалымат кызматы саат 9.30дагы кырдаал боюнча Бишкек — Ош унаа жолу ачык экенин билдирди.

Токтогул районундагы "Арал" постунда чектөө жок. Бирок оор жүк ташуучу унаалар 500 метр аралык менен өткөрүлүүдө.

Учурда ашууларда кар жаап жатканы айтылат.

Сак болуңуздар! Боомду коюу туман каптады. Видео
Унаа жолдор Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Транспорт жана жолдор министрлигинин көзөмөлүндө. Тыгылып калган унааларды тартып чыгаруу максатында КР Куралдуу күчтөрүнүн Штабы тарабынан бөлүнгөн эки МТ-ЛБ аскер чиркегич унаасы (тягач) 231-чакырымында (Итагар) жана 132-чакырымында (Төө-Ашуу) нөөмөттө турат.

Эскерте кетсек, буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү таратып 13-16-январь күндөрү жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондоруна, Төө-Ашууга, Ала-Бел ашуусуна жана Чычкан капчыгайына кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн экенин кабарлаган. Мындан тышкары, кышкы дөңгөлөк, чынжырча, күрөк жана аптечка ар бир унаада болушу керектигин эскертет.