Абдылдаев көзү тирүү болгондо быйыл 85 жашка толмок. Кинорежиссердин бул датасын утурлай Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыктуу жети фактыны сунуштайт.
1. Таттыбүбү Турсунбаеваны тасмага тарткан. Жазуучу Камбаралы Бобуловдун "Түштүк кызы" повестинин негизинде толук метраждуу тасма тарткан. Бул анын дебюттук иши эле. Кинодо түрдүү улуттун актерлору башкы ролду ойношкон. Өзбекстандык актер Наби Рахимов, тажик актрисасы Сталина Азаматова, казак актерлору — Нурмухан Жантурин, Амина Умурзакова, кыргыз актерлору — Клара Юсупжанова, Таттыбүбү Турсунбаева, Тургунбек Бердалиев, Искендер Рыскулов жана Жумаш Сыдыкбековалар кайталангыс образдарды жараткан.
2. Кыргыздардын жүзүн көрсөтө турчу тасма керек. Бекеш Абдылдаев өз эскерүүлөрүндө дүйнөгө Кыргызстандын жүзүн көрсөтө турчу тасма керек экенин көп айткан.
"Оюбузду, кыргыз экенибизди, ички дүйнөбүздү көрсөтө турган фильм керек. Кыргыздар кандай экенин бир кишинин образы менен дүйнөгө таанытсак болот", — деп айтып келген.
4. Залкарлардын тасмада калган элеси. Кинорежиссер кыргыздын белгилүү инсандарынын элесин өлбөс, өчпөс кылып кийинки муунга калтырган. Ал белгилүү профессор-лингвист Константин Юдахин жөнүндө "Сөз" ("Слова"), төкмө акын Эстебес Турсуналиев тууралуу "Төкмөлөр" ("Имправизаторы"), атактуу кызылчачы Зууракан Кайназарова тууралуу "Дочь Земли", чыгаан композитор Насыр Давлесов жөнүндө "Признание" деген тасмаларды тарткан. Абдылдаев ошондой эле Нарын театрынын артисттеринин гастролу тууралуу "Нарындын жылдыздары" деген тасма тартып, чыгармачыл кишилердин түйшүгүн, баштан өткөргөн турмушун, сахна артындагы жашоосун чагылдырып берген.
5. 50 жыл чогуу сүргөн өмүр. Райхан Абдылдаева жолдошу менен 50 жыл чогуу өмүр сүргөнүн эскерет. Бекеш Абдылдаев жумуш дегенде ичкен ашын жерге койгон жан болгонун айтып, тасма тартуудан тышкары сууда жакшы сүзгөнүн белгилеген. Аны балдарына да үйрөткөн.
6. Өмүр бизден өтүп кетсе эл эмгектен эскерсин. Абдылдаевдин жасаган эмгеги бааланып, бир катар мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган. 1970-жылы "Каарман эмгеги үчүн" юбилейлик медаль менен сыйланган. Арадан тогуз жыл өткөндөн кийин "Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер" наамы ыйгарылган.
Ал эми 2010-жылы кыргыз киноискусствосуна кошкон салымы үчүн "Кыргыз республикасынын эл артисти" наамы берилген.
7. Бекеш Абдылдаев Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевдин атасы.
Бекеш Абдылдаев тууралуу маалыматтар кинематографияны өнүктүрүү фондунун сайтынан, кинорежиссерду эскерүү тасмасынан алынды. Ошондой эле интернеттеги ачык булактардагы маалыматтар колдонулду.