Дүйнө Айтматовду окуйт! Интернетте жаңы флешмоб старт алды

Акцияга катышууга окуучулар, студенттер анын ичинде чет жакта билим алып жаткан кыргызстандыктар да чакырылды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата "Дүйнө Айтматовду окуйт" аттуу акциясын баштады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Акцияга катышууга окуучулар, студенттер анын ичинде чет жакта билим алып жаткан кыргызстандыктар да чакырылды. Катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуп, аны видеого жаздыруу керек. Чет жакта билим алып жүргөн кыргызстандыктарга жашап жаткан өлкөсүнүн тилинде үзүндү окуу сунушталууда.

Чөп чапкан, ой баскан, ат минген Айтматов. Жазуучунун эл көрө элек сүрөттөрү
Видеонун башталышында акциянын катышуучусу өзүн жана билим алып жаткан өлкөсүн тааныштырышы керек. Андан соң ал видеону социалдык тармакка #Aitmatov#educationkg хэштеги менен жүктөөсү зарыл. (видео 2 мүнөттөн ашпаш керек).

Мындан сырткары, акцияга Кыргызстанда билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттер да катыша алат.