Samsung ийилчээк смартфондор эмнеге чыгарылбай жатканын түшүндүрдү

Galaxy S9 жана Galaxy S9+ моделиндеги смартфондору 2018-жылдын февраль айында чыгат
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Samsung корпорациясы Лос-Анджелес шаарында өткөн CES-2018 көргөзмөсүндө ийилчээк экрандуу Galaxy X смартфонунун үлгүсүн көрсөттү. Бул тууралуу Letsgodigital порталына шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

Бирок азырынча "сырдуу" болуп турган телефонду көргөнү компаниянын бир нече гана кызматкери киргизилди.

"Ийилчээк моделдеги телефонго Android операциялык системасын жайгаштыруу мүмкүн болбой жаткандыктан, бул моделдер азыр чыгарылбайт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мааламытка караганда, техникалык көйгөйлөрдү ушул жылдын ноябрь айына чейин чечип, ийилчээк телефондорду 2019-жылы элге тартуулоо пландалууда.

​Ошондой эле аталган компаниянын Galaxy S9 жана Galaxy S9+ моделиндеги смартфондору 2018-жылдын февраль айында чыгары айтылды.