БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош жолунда кулаган таш жеңил унаага тийгенин Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Анын айтымында, унаанын ичинде беш адам болгон. Алар ар кандай жаракат алышкан.
Ал эми ӨКМдин маалымат кызматы кечээ, 13-январда 18.20лар чамасында Бишкек — Ош унаа жолунун 401-чакырымына (Кара-Көл шаары) 250 метр куб таш түшүп жолдун бир тарабын жаап калганын билдирген.
"Mazda 626 үлгүсүндөгү жеңил унаанын арткы капталына таш тийип, бир жүргүнчү жеңил жаракат алган. Ага куткаруучулар тарабынан алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Аталган аймакка бир техника тартылып кечки саат 22.30да жол каттамы толук ачылган.
Учурда Бишкек — Ош жолунда унаа каттамы ачык. Тыгылып калган унааларды тартып чыгаруу максатында КР Куралдуу күчтөрүнүн Штабы тарабынан бөлүнгөн эки МТ-ЛБ аскер чиркегич унаасы (тягач) 231-чакырымында (Итагар) жана 132-чакырымында (Төө-Ашуу) нөөмөттө турат.