Чычкандагы үрөй учурган кырсыктан айылдаштар мүрт кеткени такталды

Кырсыктан жабыркаган жеткинчек комада жатат, дагы экөө түрдүү жаракаттарды алган
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Чычкан капчыгайындагы жол кырсыгынан каза болгондордун тек-жайы такталды. Алар Баткендин Лейлек районуна караштуу Кулунду айылынын тургундары болгон. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ, 13-январда Бишкек — Ош унаа жолунун 253-чакырмында саат 14:00дөр чамасында күйүүчү май ташыган фура менен Opel Zafira кагышкан. Кырсыктын кесепетинен төрт адам каза таап, үч киши жаракат алган.

Каза болгондордун үчөө эркек, бирөө аял:

— Коңур Тагаев 67 жашта. Баткендин Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында туулган.

— Абдыманап Тагаев 38 жашта. Баткендин Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында туулган.

— Мадина Жумабаева 31 жашта. Баткендин Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында туулган.

— Эшмурза Абдиманов 27 жашта. Баткендин Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында туулган.

Ал эми жаракат алгандардын экөө эркек киши, бирөө жеткинчек кыз.

— Э. Максутов 56 жашта. Баткендин Лейлек районуна караштуу Камышалы айылынан. Кабыргасынан жаракат алган.

— О. Байзаков 20 жашта. Баткендин Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында туулган. Оң буту санынан сынып, башынан жаракат алган.

— Сегиз жаштагы К.М аттуу жеткинчек кыз башынан катуу жаракат алып комада жатат. Мындан сырткары, ичи да жабыркаган.

Жарадарлар Токтогул райондук ооруканасына, ал эми каза тапкандар өлүкканага жеткирилген.