Авария болгон жерде "уктап" жаткан милиционердин видеосу. Жетекчиликтин түшүндүрмөсү

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан сүрөттөгү кызматкер Ош ЖКККБсында иштерин айтышты
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Интернетке жарыяланып кеткен Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкеринин сүрөтү боюнча аталган кызматтан түшүндүрмө беришти.

Маалыматка караганда, милиционердин канында канттын өлчөмү көтөрүлүп кеткендиги үчүн эс-учун жоготуп койгон.

Жарандык активист Болот Ибрагимовдун соцтармактагы баракчасында Ош облусунда милициянын унаасынын катыштыгы менен болгон жол кырсыгынын видеосу жана сүрөтү жарыяланган.

Эс-учу жок милиция кызматкери тартылган сүрөттөрдүн алдында мас инспектордун уктап калгандыгы жазылган.

Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан сүрөттөгү кызматкер Ош ЖКККБсында иштей турганын айтышты. 

Работник ошского УОБДД попал в ДТП

"Ал башка унааны коштоп бара жаткан. Бирок өзүн начар сезе баштаганда артында калып, кийин эсин жоготуп коюптур. Ошентип жол кырсыгына кабылган. Сүрөттүн автору кант диабети менен жабыркаган кызматкерге карата өтө одоно мамиле кылган", — деп айтышты башкармалыктан.

Справка врача
Ошондой эле кызматкер медициналык текшерүүдөн өткөнү, анын канынан спирт ичимдиктери табылбаганы кошумчаланды.