Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Тажикстанга барат

Президенттер эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну бекемдөө максатын көздөйт
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга расмий сапар менен баруусу күтүлүп жатат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдөн белгилүү болду.

Жээнбеков менен Эмомали Рахмон Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 25 жыл толгонуна байланыштуу бири-бирин куттуктаган.

"Чейрек кылымдан бери кыргыз-тажик мамилелери бекемделип, сый-урматтын негизинде өнүгүп келе жатат. КМШ, БУУ, ШКУ, ЖККУ жана башка бир катар уюмдардын алкагында да активдүү кызматташып жатабыз", — деп айтылат КР президентинин кайрылуусунда.

Жээнбеков эки тараптуу алака байланыштын мындан аркы чыңдалышына өбөлгө болоруна токтолгон.

Жээнбеков: 2018-жыл убадалар аткарылган жыл болсун
Ал эми Рахмондун телеграммасында Кыргызстан менен кылымдардан бери уланып келе жаткан коңшулук мамиле Тажикстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бери экени айтылат.

"Биргелешкен аракет менен бир топ жакшы жыйынтыктарга жетиштик. Кыргыз-тажик мамилелери өз ара пайдалуу өнөктөштүккө шарт түзөт", — деп айтылат өлкө башчынын куттуктоосунда.

Рахмон Жээнбековдун Тажикстанга боло турган расмий сапары көп кырлуу кызматташтыкка жаңы дем-күч берип, мамиленин сапатын бийик деңгээлге көтөрөрүнө ишенерин айткан.

Азырынча КР президентинин сапары кайсы убакытка белгиленгени айтыла элек.