Аталган айылдын башына каза болгондордун элесине арналган мемориалдык комплекс орнотулуп, бүгүн анын расмий ачылышы болду.
Колдоруна бирден кызыл гүл кармаган энелер, аталар, балдар көздөрүнө жаш алып автобустан түшүп жатты. Алар каргашалуу кырсыкты дагы бир жолу эскерип, балдарына, ата-энесине, бир тууганына орнотулган эстеликке гүл койгону келишкен. Арасында авиакырсыкта ата-эне, бир туугандарынан ажыраган Жакшылык менен Султан да жүрдү.
"Балдарым келип калчудай сезилип күндө эшик карап күтө берчүмүн. Алардын келбес сапарга кеткенин азыр эстеликти көрүп ишенип жатам. Неберемди көрүп, ата-энесин эстеп айткан сайын сай-сөөгүм сыздайт", —деп жашыды Жакшылыктын чоң апасы Токтайым Акбаралиева.
Иш-чарада Абулгазиев элибиздин башына экинчи мындай апаат келбесин деген тилегин айтты.
"Туура бир жыл мурун Дача Су айылынын дал ушул тилкесине түрк компаниясынын учагы кулап, кырсыктан 39 адам көз жумган. Мен жаран катары президенттин атынан жакындарын жоготкондорго дагы бир жолу көңүл айтам. Кырсыктын кесепетин жоюу боюнча колдон келген иштер жасалды. Ал күнү элибиз жапа тырмак биригип кичинекей балдар оюнчугун, кары-картаңдар пенсиясын көтөрүп, айтор, кайдыгер караган адам калган жок. Үй-жайы жок көчөдө эч ким калган жок. Бардыгына жардам көрсөтүлдү", — деди Абулгазиев.
"Мен кулаган учак кырсыгынан жабыркап, жакындарынын жоготкондордун атынан өкмөткө эч кандай нааразычылыгыбыз жок деп айтып кетээр элем. Элибиз чогултуп берген каражат менен түрк компаниясы тарабынан берилген компенсация адилеттүү бөлүштүрүлдү. Бирок акча менен алардын ордун толтура албайт экенсиң. Миллион сом да жакындарыбыздын бир секунддук өмүрүнө тете болбойт", — деди кырсыктан үч баласынан ажыраган Шейшенова.