Токтогулда ашар жолу менен Жол кыймылын камсыздоо бөлүмүнүн имараты курулду

Имараттын курулуш иштерине жалпы 1,5 миллион сом жумшалган
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Токтогулда жергиликтүү жашоочулар өз каражатына ашар жолу менен Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн имаратын курушту. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Мыктыбек Турдубеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган имараттын курулуш иштерине жалпы 1,5 миллион сом жумшалган. Бул каражатты милиция кызматкерлери, жергиликтүү жашоочулар, ыктыярчы демөөрчүлөр чогултушкан.

"Акыркы кезде Токтогул районунда жол кырсыктарынан улам адам өлүмү көп катталды. Бул аймакта буга чейин жол коопсуздук кызматкерлеринин атайын өзүнчө имараты болгон эмес. 2017-жылдын жаз айларында Токтогул РИИБдин жетекчилиги мамлекеттик казынадан акча коротпой ашар ыкмасы менен имарат куруу демилгесин көтөргөн. Райондук администрация, айыл өкмөттөрү, мекеме ишканалардын, жергиликтүү элдин колдоосу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын имараты Токтогул районунун борбору Токтогул шаарчасында курулуп, толук бүткөрүлдү", — деди Турдубеков.

Жалал-Абадда жүргүнчү ташыган унаа кырсыкка учурап бир адам каза болду
Ал аталган райондо 6 миңге жакын автоунаа каттоодо тургандыгын, Бишкек — Ош автожолунун 137-чакырымын тейлей тургандыгын кошумчалады.

Учурда райондо 7 кызматкер 2 кызматтык автоунаа менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жатат.

Жалал-Абад облусунун аймагында ашар жолу менен буга чейин Аксы районунун Ак Суу айылында жана Сузак районунун Кызыл-Туу айылында милиция бөлүмдөрү элдин каражатына курулган.