Сапар Исаков "Түнкү кырсык" тасмасынын жаратуучуларына алкыш айтты

90 мүнөткө созулган "Түнкү кырсык" тасмасына алты миллион сом сарпталган
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 13-январда, Эстониянын Таллин шаарында өткөн "Темные ночи" Эл аралык кинофестивалында баш байге алган "Түнкү кырсык" тасмасынын чыгармачыл тобуна алкыш жарыялады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Исаков белгилегендей, ата мекендик кинематографисттер өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошууда.

"Биздин максат — кыргыз киносунун мурдагы атагын кайтаруу. Кино аркылуу дүйнө жүзүнө өлкөбүздү тааныта алабыз. Ошондуктан биз киномектепти өнүктүрүүгө орчундуу каражат салабыз. Бирок алгач кинематографисттердин иштөөсү үчүн материалдык жана инфраструктуралык жаатта бардык шарттарды түзүүбүз керек. Сиздер заманбап жана бардык тийиштүү жабдуулар менен камсыздалган имаратка келип, чыгармачылык менен алектенишиңиздер зарыл. Учурда бөлүнүп жаткан каражаттар кинематографияны өнүктүрүүгө жетишсиз", — деди премьер.

"Түнкү кырсык" тасмасы "Кыргызфильмдин" киностудиянын бекитилген чыгармачыл-өндүрүштүк программасына ылайык, 100 пайыз мамлекеттик каржылоо аркасында студиянын техникалык базасын пайдалануу менен тартылган. Фильмди тартууга 10 ай кеткен. 90 мүнөткө созулган тасмага алты миллион сом сарпталган.