Шевченко колдонгон ыкма 2017-жылдагы UFC рейтингинин бештигине кирди

Кыргызстандык мушкер кыз өз ыкмасын UFC турниринин башкы мушташында венесуэлалык Жулианна Пеньяга карата колдонгон
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. UFC уюму 2017-жылдагы спортчулардын мыкты ыкмаларынын рейтингин өз сайтына жарыялады.

Валентина Шевченконун ыкмасы бешинчи орунга илинген. Ал өз ыкмасын UFC турниринин башкы мушташында венесуэлалык Жулианна Пеньяга карата колдонгон.

Биринчи орунга Деметриус Жонсон татыды. Ал Рэй Борганы жеңген.

Экинчи орун россиялык Алексей Олейниктин чехиялык мушкер Виктор Пешту менен болгон беттеште колдонгон ыкмасына берилди.

Үчүнчү орунга Бретт Жонстун Жо Сотого карата колдонгон ыкмасы татыды.

​Ал эми төртүнчү орунда Брайан Ортеганын Каб Свонсон менен болгон мушташтагы ыкмасы турат.

Бешинчи орунга кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун колдонгон ыкмасы илинген.