Министрлик: Кыргызстан K4 жана K5 класстагы бензинге бир жылдан кийин өтөт

Евразия экономикалык комитетинин Кыргызстан экологиялык күйүүчү майга өтөт деген билдирүүсүнө КРдин Экономика министрлиги түшүндүрмө берди
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Кыргызстан K4 жана K5 экологиялык класстагы бензинге 2019-жылдын 12-августунан тарта өтөт. Бул тууралуу КРдин Экономика жана өнөр жай министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Май куюучу жайларга кантип алдатпаш керек? Адис сунуштаган ыкмалар
Буга чейин Евразия экономикалык комитети (ЕЭК) билдирүү таратып, анда 2018-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан экологиялык жогорку класстагы күйүүчү майга өтүшү керектиги айтылган.

КР Экономика министрлиги техникалык регламенттин ишке кирүүсүн кийинкиге калтыра турчу документке таянууда. Ага ылайык, ЕЭКтин 2016-жылдын 26-январындагы жыйынында кабыл алынган чечими боюнча Бажы биримдигинин техникалык регламентти ишке ашыруу жол-жобосу Кыргызстандын аймагында 2019-жылдын 12-августунан тарта ишке кирет.

K4 жана K5 экологиялык класстагы күйүүчү майлар чыккан уулуу заттардын көлөмүн азайтат.