Окумуштуулар кишилер эмнеге кышында толуп кетээрин айтып беришти

Тике тийген күн терини аралап өтүп, май катмарларынын клеткаларын сыртка чыгууга мажбурлаары аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Теринин алдындагы май катмары күн көрбөгөндүктөн азайбайт. Бул тууралуу РИА Новости Scientific Reports журналына шилтеме кылып кабарлады.

Окумуштуулар: майлуу тамак жесе да кишини семиртпей турган азык табылды
Клинкалык изилдөөлөрдө окумуштуулар күндүн жарыгында май клеткаларынын кандай болорун анализге алышкан. Тажрыйба кант диабетинен жапа чеккендерди дарылоонун жолдорун издөө үчүн жүргүзүлүп, бирок, илимпоздор өздөрү күтпөгөн жыйынтыкка туш келишкен.

Тике тийген күн терини аралап өтүп, май катмарларынын клеткаларын сыртка чыгууга мажбурлаары аныкталган.

"Жөнөкөй сөз менен айтканда, организмибиз көп майды өзүнө кармап турбайт", — деп түшүндүргөн иликтөөнүн авторлорунун бири, фармакология боюнча профессор Питер Лайт.

Окумуштуулар күн аз тийген учурда адамдардын денесинде липиддер чогулуп, адамдын салмак алышын шарттайт. Мындан улам, алар жаңы ачылыш адамдын арыктоосуна жардам бергени ыкмаларды иштеп чыгууга жакшы жардамчы болот деген ниетте.