БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Индияда үлпөт той учурунда массалык мушташ чыгып кеткенин The Daily Mail басылмасы жазып чыкты. Окуяны тойго чакырылгандардын бири тартып алган.
Маалыматка ылайык, майрамдык ызы-чуу өткөн жумада Агра шаарында болгон. Видеодо меймандар бири-бири менен сабашып жатканы, ал эми жаңы келиндин качып чыкканын көрүүгө болот.
"Полиция чакырыңыз! Тезирээк чалыңызчы", — деп официанттарга кайрылган автордун үнү угулат.
Окуядан жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.