Бишкек — Ош жолуна кар көчкү түшөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Министрлик сапарга чыга турган айдоочулардын этият болуусун эскертет
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 13-16-январь күндөрү жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондоруна, Төө-Ашууга, Ала-Бел ашуусуна жана Чычкан капчыгайына кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн экенин айтып ӨКМ шашылыш билдирүү таратты.

Пиренеи тоолорунда сноубордчу кар көчкү менен жарышка түштү. Видео
Министрликтин маалыматында, жолдор тайгак болору айтылат. Мындан улам тоолуу жолдор аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга аба-ырайы тууралуу маалыматка көңүл буруп, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын белгилейт.

Мындан тышкары, кышкы дөңгөлөктөр менен күрөкчө, чынжырча, аптечканын зарылдыгын кошумчалады.