Абдыгулов: Улуттук банктын резервдери жаман эмес

Президент Абдыгуловду кабыл алып жатканда банк системасына көбүрөөк көңүл бөлүү зарылдыгын айтты
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Улуттук банктын резерви 2 миллиард 182 миллион долларды түзүп, бул келечекке ишеним жаратат. Мындай маалыматты аталган банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алганда айтты.

Абдыгулов Улуттук банктын макроэкономикалык абалдын туруктуулугун камсыздоо, улуттук валютанын туруктуу курсун сактап туруу, банктык жана төлөм системасынын коопсуздугун сактоо боюнча көрүлүп жаткан чаралары тууралуу айтып берди.

Мигранттар Кыргызстанга которгон каражат жарым миллион долларга өстү
Ал мындан аркы иштер дүйнөлүк банктардын тажрыйбасын эске алып кабыл алынган банк тармагындагы жаңы мыйзамдык актыларды кеңири пайдалануу жаатында да болорун маалымдады.

Жээнбеков өлкөдөгү финансылык-насыялык мекемелердин туруктуу жана ишенимдүү иш алып баруу зарылдыгын белгилеп, улуттук валютанын туруктуулугун колдоого басым жасады.

Мамлекет башчысы Улуттук банктын жана аталган тармактагы жалпы системанын башкы багыты катары банк инфратүзүмүн өнүктүрүү зарылдыгын айтты. Облустарда ПОС-терминалдардын, банкоматтардын санын көбөйтүү жана нак эмес төлөмдөрдүн көлөмүн арттыруу керектигин белгиледи.

Мындан сырткары, пайыздык чендерди, экономикадагы дедолларизацияны азайтуу, аны менен бирге эле элге узак мөөнөттүү насыяларды берүүнүн жол-жоболорун иштеп чыгуу талкууланды.