БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Алай районундагы Жар-Кыштак айылындагы Терек-Аңгал жарынан мас абалындагы киши кулап көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Билдирмеге караганда, окуя бүгүн, 11-январда, саат 13.26 чамасында болгон.
ӨКМдин Алай райондук №68 өрт куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери 40 жаштагы маркумдун сөөгүн алып чыгып, райондук милицияга өткөрүп беришкен.